Окуялар

Ысык-Атада жол тандабас жардан кулап, 4 адам жабыркады

Кечээ, 26-февралда саат 09:50лөр чамасында Бишкек – Кой-Таш – Ысык-Ата унаа жолунун 25-чакырымындагы Серпантин тилкесинде «Мицубиси-Паджеро» үлгүсүндөгү унаа жардан кулаган.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жардан түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын 4 жүргүнчүсү жабыркаган. Алар — 29 жаштагы Т.А.М., 23 жаштагы К.Э., 49 жаштагы К.А.В, 39 жаштагы Ч.Е.О. болгон. Жабыркагандар Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button