Коом
Исатбек кызы: Студенттерди өгөй баладай ары-бери түрткүлөгөндү коелу

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы студенттердин окуу графигине байланышкан маселе көтөрдү. Ал мэрия жол тыгындарын жоюу иштеринин аркасында студенттердин окуу графигин өзгөртүп, азыр алат саат 10.00дөн эрте эмес убакытта окуп калышканын белгиледи.
«Студенттер окуу саат 10.00дө башталгандыктан, экинчи нөөмөт 14.30да болуп, 4 пара аяктагыча 20.30 болуп кеткенин айтып жатышат. Ошентип үйлөрүнө жеткиче түн бир оокум болот.
Биз студенттерди өгөй балдардай эле ары-бери түртүп, эксперимент жасап атабыз. Алардын окуу графиги өзгөргөнү менен жол тыгындары азайган жок», — деген депутат Билим берүү жана илим министрлиги эмнеге бул маселени көтөрбөй жатканына кызыкты.



