Окуялар

Новосибирскиде газ жарылып, эки кыргызстандык жабыркады

Россиянын Новосибирск шаарындагы турак үйдөгү газ жарылган кырсыктан эки кыргызстандык жаракат алды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Алар 30 жаштагы А.уулу Т. жана 45 жаштагы А.А.К. экени жана алардын ошол үйдөн батир жалдап жашаганы маалым болду. 30 жаштагы кыргызстандыктын иске ууланганын, учурда абалы орточо экенин билдиришти.

Эске салсак, 9-февралда эртең менен Новосибирск шаарындагы Линейная көчөсүндөгү газ жарылып, беш кабат үйүн эки подъезди урап түшкөн. 30га жакын батир талкаланган. Соңку маалыматтарга караганда, 12 киши көз жумган.

А.уулу Т. Новосибирскидеги №34 шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө жактырылган. Ал эми 40 жаштагы аялдын бели сынып, Новосибирскидеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жеткирилген. Аталган ооруканадан ага операция жасалары кабарланды.

Новосибирск шаарындагы башкы консул Айдарбеков кыргызстандык аял жаткан ооруканага барып, дарылап жаткан врач менен сүйлөшкөнү айтылды.

«Мындан сырткары, КРдин башкы консулдугунун кызматкерлери жарылуу болгон жерге барып, РФ ӨКМинин Тергөө комитетинин кызматкерлери менен сүйлөшкөн. Учурда бул маселе консулдуктун көзөмөлүндө», — деп билдиришти ТИМден.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button