Коронавирус. 228 адамдан аныкталып, дагы беш бейтап каза тапты

Кыргызстанда 23-августка карата коронавирус дагы 228 адамдан аныкталып, беш бейтап каза тапты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 152,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 27,
Талас облусунда – 9,
Нарын облусунда – 3,
Ысык-Көл облусунда – 26,
Жалал-Абад облусунда – 8,
Баткен облусу — 2 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 394адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 375 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 159 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 148 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 166 миң 702 киши айыгып чыкса, 2 миң 489 адам каза болду.



