Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев бир катар кызматкерлерине сөгүш жарыялады

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун курулушу боюнча жыйын өткөрүп, бир нече жетекчиге катуу сөгүш жарыялады.
Ведомствонун маалымат кызматы белгилегендей, жыйында тармактагы актуалдуу маселелер талкууланып, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун курулушунун жүрүшүнө байланыштуу транспорт министринин биринчи орун басары С.Т.О, Жол чарба департаментинин директору А. К.К, «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директору А.Т.Н, «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары О.К.К.га сөгүш берилди.
Министр аталган жолдун курулушун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, министр Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылды.
Эскерте кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусунда жол курган подрядчы компаниянын өкүлдөрү, атайын кызматтын аймактагы кызматкерлери, президенттин облустагы өкүлү, Транспорт министрлигинин жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда Ысык-Көлдөгү курулуп жаткан жолдор боюнча иштин жылбай жатканына нааразы болгон.



