Милиция адамдын кадыр-баркына шек келтирген видеотасмаларды таратуу боюнча арызды текшерип жатат

2024-жылдын 7-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге жаран А. К. арыз менен кайрылган. Анда, 2024-жылы болжол менен сентябрь айларында социалдык баракчалардын биринин колдонуучулары белгисиз кыздардын аброюна шек келтирген видеолорду жайгаштырып жатышкандыгын билдирген. Ошондой эле окуяга байланыштуу белгисиз адамдарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бирок, бул окуялар кайсыл даректе видеого тартылганын билбегенин билдирген.

Аталган факт 2024-жылдын 7-сентябрь күнү Свердлов РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Учурда аталган факты боюнча жогоруда аталган баракчалардын администраторлорун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда тергөө тапшырмалары берилип, алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат жана коомчулукка кошумча маалымат берилет.



