Коом

Салык кызматы: Ишкерлер күн сайын 43 миңден ашык ЭТТК тариздөөдө

Салык кызматынын маалыматтык системасында 42 миң 48 ишкер катталган жана жыл башынан бери электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагазды колдонууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жалпысынан ЭТТКны 59 миң 289 субъект колдонууда. «ЭТТК» системасына 1 млн 425 миң 219 товардык номенклатура киргизилген. Активдүү кампалардын саны 70 миң 469.

Күн сайын ишкерлер тарабынан 43 миңден ашык ЭТТК жазып берилип, 500дөн ашык активдүү кампа түзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан тартып ЭТТКны мунай жана мунай заттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр колдонушууда.

2023-жылдын 1-январынан тартып ЭТТКны товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонууга тийиш.

«ЭТТК» системасында каттоодон өтүү Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу ишке ашырылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button