Саясат

Саясат таануучу Шерадил Бактыгуловдун эл аралык республикалык институт тарабынан чыгарылган рейтинг боюнча пикири

Кандай болсо да рейтингдердин өзүнөн баштайлы. Бул эл аралык республикалык институттун рейтинги керек болсо рейтинг дагы эмес, болгону телефон аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоо гана. Алар орто эсеп менен 300-600гө чейин адамды сурап чыгышат. Негизинен бул жетиштүү эле, бирок респонденттер кандай ыкма менен тандалганы белгисиз. Ошондуктан, натыйжанын ишенимдүүлүгү, тактыгы жөнүндө айтуу кыйын. Мындай форматта башка сурамжылоолорго караганда катачылыктар көп чыгат,- дейт Шерадил Бактыгулов.

Ошондуктан, канчалык ишенимдүү — бул чоң суроо.

Экинчиден, мындай рейтингдер дайыма эле парламенттик же президенттик шайлоолордун алдында ишеним, өлкөгө болгон мамиле, бийликке болгон ишеним жана башка суроолор менен чыгарылып калары белгилүү.

Анысы элге кеңири таратуу менен коштолот.

Үчүнчүдөн, тилекке каршы, алар чыныгы абалды чагылдырбайт. Анткени былтыркы октябрдагы окуяларга, 4-октябрдагы шайлоого кайрылсак, ошол эле Республикалык институттун же америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасына сурамжылоо жүргүзгөн институттардын рейтингинде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев үчүнчү эшелондун саясатчылары катары каралып, Кыргызстандын азыркы жетекчилиги Жогорку Кеңеште жок дегенде 1 мандат ала турган адамдардын тизмесинде болгон эмес.

Алар таптакыр эсепке алынган эмес. Дагы эле ошол адамдар, ошол уюмдар жана ошол эле жана башкалар сурамжылоо жүргүзүшкөн. Бул мисал көрсөткөндөй, мындай сурамжылоолор Кыргызстандын чыныгы абалын чагылдырбайт. Алар болгону коомдун бир бөлүгүнүн маанайы менен каалоосун чагылдырат.

Экинчиден, бул негизинен орус тилдүү аудитория, мындай сурамжылоолор көбүнчө орус тилинде жүргүзүлөт.

Бирок Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдогон электорат негизинен калктын кыргыз тилдүү бөлүгү.

Ошол эле Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо көрсөткөндөй, мандаттардын саны боюнча Садыр Жапаровдун позициясындагы тарапташтары экинчи орунду алды, демек бул Бишкекте да аны колдоочулардын жетиштүү саны бар экенинин көрсөткүчү.

Административдик ресурс деп аталган каражатты алардын оппоненттери колдонушту, ал эми өлкөнүн азыркы жетекчилигине жакын деп эсептелген адамдар адмресурс колдонушкан жок.

Ошондуктан, Республикалык институттун сурамжылоо катары берилген маалыматы такыр түшүнүксүз. Ал канчалык адекваттуу, Кыргызстандын реалдуулугуна кандай шайкеш келет белгисиз.

Мында сурамжылоонун методологиясы менен респонденттерде көйгөйлүү маселе бар. Анан мындай реалдуулукка дал келбеген сурамжылоону бүткүл өлкөгө жайылтуу — бул калкты, окурмандарды адаштыруу болуп саналат. Анткени, сурамжылоо реалдуу кырдаалды чагылдырган эмес да.

Бул өлкөнүн жалпы калкынын эмес, сурамжылоого катышкандардын гана маанайын чагылдырып калган. Ал эми өлкөбүздүн калкы бир тектүү эмес, 130дан ашык этникалык топтор бар, ар кимисинин көз карашы ар башка. Парламенттик шайлоо канчалык жакындаган сайын “этникалык көпчүлүк өз ара макулдашкыла, биз силердин тандооңорду колдойбуз” дегендей жыйынтыкка келген региондор боюнча дагы олуттуу бөлүнүү башталат.

Ошондуктан, бизде бул жерде таптакыр башкача жагдай. Анан Кыргызстандагы башкаруу системасы бардык коңшуларыбыздан (коңшу өлкөлөрдөн) айырмаланарын түшүнүшүбүз керек. Бизде бир адамдын бийлигине таянып бирдиктүү чечим кабыл алуу деген жок. Бизде чечим кабыл алууда башка өлкөлөргө караганда татаал система орноп калган. Конституция боюнча Президент көбүрөөк ыйгарым укуктарга ээ болсо да көп нерселерди сүйлөшүү керек. Ошентсе да, чечим кабыл алууну макулдашуу системасы жолго салынган. Региондук деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек, региондордон чыккан лидерлер менен макулдашуу зарыл.

Ошондо бизде таптакыр башка жагдай .башка картина түзүлөт. Жогоруда айтылгандай сурамжылоого таянуу — бул чыныгы картинаны көрсөтө албаган бир жактуу мамиле болуп калат. Ошондой эле Кыргызстанда реалдуу чечим кабыл алуунун реалдуу жол-жобосу да белгисиз болуп, ансыз эч ким таасир эте албай калат.

Дагы бир моментти айта кетсек, эгер биз бат-баттан болуп жаткан революциялар, төңкөрүштөр жөнүндө сөз кыла турган болсок, Кыргызстанда бир дагы революция сырттан каржылоосуз болгон эмес.

Бул тууралуу А.Акаев WikiLeaks сайтында АКШнын элчиси Стивен Янгдын жеке көзөмөлү астында Акаевди кулатуу операциясы жүргүзүлгөндүгүн ачык айткан. 40 миллион доллардан ашуун каржылоо болгон. Бул WikiLeaksте жарыяланган нерсе.

Бул 2010 -жылдагы окуяларга да тиешелүү, 2020-жылдагы окуя бир аз талаштуу. Бирок эгерде биз маалыматтарга көз чаптыра турган болсок, маалымат согушунун элементтери мурунтан эле болгонун көрөбүз. Ачык айтканда, каржылоо болгон. Ошол эле сурамжылоолорду, тегерек столдорду, тренингдерди өткөрүү үчүн, кайсы бир окуяны конкреттүү форматтарда чагылдыруу үчүн гранттар берилген, бир нече структуралар бир темада жапырт иштей баштаган, демек, каражаттар бөлүнгөн. Айтмакчы, 2015-жылдан бери АКШнын элчилигинин сайтында, USAIDдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана башка америкалык уюмдардын сайттарында каражаттар кайда бөлүнгөнү тууралуу такыр маалымат жок. Жалпы гана — 17 миллион доллар, 20 миллион доллар ж.б. Бирок бөлүштүрүү боюнча — ким алган, канча алган жана кандай максаттарда берилгендиги боюнча маалымат жок. Бул багыттагы бардык суроо-талаптар четке кагылат.

Ошондуктан, ооба, албетте, бул 2020-жылы Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү максатында кийлигишүү аракети болгондугунун кыйыр белгилери.

Биз кийлигишүүнүн маалыматтык кампаниясынын кээ бир элементи катары мындай рейтингдерден кооптонушубуз керекпи?

Бул коомдук пикирди бурмалоо үчүн ар кандай рейтингдер колдонулганда кийлигишүүнүн элементи болуп саналат. Мында күмөн санагандар өздөрүн ырастап, маалымат талаасында өз позициясын жайылта башташат, ал эми нейтралдуу позициядагылар шектене башташат жана буга чейин ынанып келгендер болсо ойлоно башташат.

Баса, америкалыктар өздөрү мындай рейтингдерди гибриддик согуштун элементи катары карашат. Башкача айтканда, маалымат согушунун бир бөлүгү. Бул көбүнчө кара пиар катары колдонулуп келген. Парламентке шайлоо өнөктүгүнүн алкагында керек болгон талапкерге каршы аны жаманатты кылуучу жасалма рейтингдер колдонулган. Демек, бул ыкма жаңы деле эмес.

Бизде бул ыкма 17 жылдан бери колдонулуп келет. Ал колдонулуучу элементтердин бири гана. Болбосо бирде ойдон чыгарылган, бирде бурмаланган фактылары, ар кандай жоромолдору болгон, чет элдик булактарга шилтеме берилген ар кандай макалалар, басылмалар бар. Бул ачык эле көрүнүп турат: мында бир гана рейтингдер эле эмес, ар кандай комментарийлер да бар. Аларга бирөөлөр чындап эле ишенишет. Бирде сырттан  комментарий бергендер Кыргызстанга жалпысынан терс көз карашын билдиришет, анын ичинде учурдагы бийликке дагы негативдүү билдирүүлөрүн калтырышат. Мындан сырткары, профессионалдуу троллдорду унутпоо керек. Сырттан караганда, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ болбогон, тажрыйбасыз окурман маалыматты кайра текшерип окуган адаты жок болсо, албетте, акырындык менен 5-6 айдын ичинде баары жаман турбайбы деген пикирде калат.

Кезектеги төңкөрүш аракети болот деген кооптонуу барбы?

Төңкөрүш аракети ар дайым болот, бирок чет элдик акчалар келгенде гана ийгиликтүү төңкөрүш болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button