ДүйнөКоомСаясат

Садыр Жапаров Дубай шаарына барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 30-ноябрда иш сапары менен Дубай шаарына барды. Мамлекет башчысынын борту «Аль-Мактум» эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи тосуп алды.

Мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button