Коом

Акыркы төрт жылда ГЭСтерде ири реконструкциялык иштер жүргүзүлдү

Республикалык жыйында президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы абал тууралуу айтты.

Анын айтымында, кубаттуулугу 1 миң 860 мегаватт болгон «Камбар-Ата-1» ГЭСи курулуп жатат.

«Тарыхыбыздагы эң ири энергетикалык долбоор боло турган бул гидроэлектростанция ишке берилгенден кийин өлкө ички муктаждыктарын толук камсыздап гана тим болбостон, электр энергиясын экспорттоочу мамлекетке айланат жана бүтүндөй аймактын энергетикалык туруктуулугуна салым кошот», — деди Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, мамлекет ири жана амбициялуу жаңы курулуш долбоорлорун гана ишке ашырбастан, иштеп жаткан системаларды да иретке келтирүүдө.

«Бардык гидроэлектростанциялар, анын ичинде Токтогул ГЭСи, өткөн кылымдын 50–70-жылдары курулган жана ондогон жылдар бою толук модернизациядан өткөн эмес. Ошого карабастан, алар жарым кылымдан ашык убакыт дээрлик токтобой республиканы электр энергиясы менен камсыздап келишти. Мен кызматка келген учурда алардын техникалык абалы чындап эле оор болчу.
Акыркы төрт жылда ГЭСтерде ири реконструкциялык иштер жүргүзүлдү: Токтогул ГЭСинде төрт агрегат толугу менен жаңыланып, анын кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйдү. Мындан тышкары, 28 жаңы чакан ГЭС курулуп, пайдаланууга берилди. Эгерде мындай өз убагындагы жана системалуу чечимдер кабыл алынбаса, өлкө сөзсүз түрдө электр энергиясынын тартыштыгына туш болмок, ал эми экономика олуттуу чектөөлөргө кабылмак. Эми Токтогул ГЭСи дагы 50–60 жыл иштейт», — деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Тектеш кабарлар

Back to top button