Окуялар
Нарын облусунда күчү 3,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Анын маалыматына ылайык, жер алдындагы силкинүүлөр 31-март күнү саат 13:20да катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, Кара-Кече айылынан 17 чакырым чыгышта, Сары-Иймек айылынан 19 чакырым түндүк-батышта, Чаек райондук борборунан 45 чакырым түштүк-чыгышта жана Нарын шаарынан 92 чакырым түндүк-батышта болгон.
Силкинүүнүн күчү Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында 2,5 баллга жеткен.



