Саясат
Алмамбет Шыкмаматов Президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Шыкмаматов Алмамбет Насырканович Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы болуп дайындалды.
Эске салсау, өткөн жылдын сентябрынан тарта Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компанияны жетектеп келген. Буга чейин Юстиция министри, Өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси сыяктуу бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.
Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясын жетектеген.



