Коом

Чүйдүн Камышановка айылында жаңы заманбап өткөрмө пункту курулат

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы Абдыкарим Алимбаев 14-январда «Биринчи Радио» эфиринде билдиргендей, Казакстан менен биргеликте Чүй облусунун Камышановка айылында жаңы заманбап өткөрмө пунктунун курулушу башталат.

Анын айтымында, буга кыргыз-казак чек арасында адамдардын жана транспорт каражаттарынын агымынын жогору болушу себеп болууда.

Абдыкарим Алимбаевдин сөзүнө караганда, 19-январда Казакстандын өкүлдөрүнүн, Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген жыйын өтөт.

«Жыйындын жыйынтыгында иштердин планы бекитилип, андан кийин долбоорду ишке ашыруу башталат», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button