Коом
«Кыргызфильм» Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата сынак жарыялады

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук студиясы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаланынын негизинде жазылган толук метраждуу көркөм фильм үчүн сценарийлерге сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган киностудия билдирди.
Анда айтылгандай, сынак улуу жазуучунун 100 жылдыгына арналат.
Сынактын тартиби төмөнкүдөй:
- сценарийлер 11-октябрдан 15-октябрга чейин кабыл алынат;
- сынакка киносценаристтер жана драматургдар катыша алышат;
- сценрийди кыргыз тилинде жазуу сунушталат;
- автор сынакка бир гана чыгармасы менен катыша алат;
- Айтматовдун чыгармаларына ыңгайлашкан сценарийлер кабыл алынат;
- сценарийде спирттик ичимдиктерди ичүү, тамеки тартуу, улуттук каада-салтты терс жагынан көрсөтүү сыяктуу көрүнүштөр болбошу керек.



