Маданият
Сыны да, сыры да кетпеген Айгерим Расул кызы

Кенедей кезинен сахнага чыгып чыгармачылыктын ысык-суугуна чыдап келаткан Айгерим Расул кызы 30дан ашып эки наристеге эне болгону менен келбети дале сынында. Адатта айымдар бала төрөгөндө фигурасы бузулуп толуп кетет. Убакыт бул айымды ута албайт өңдөнөт. Тескерисинче, Айгерим жыл өткөн сайын кулпуруп, фигурасы жигиттерди гана эмес айымдарды да суктандырууда. Убакыт өткөн сайын жашарып,тулку бою өзүнө куп жарашкан Айгерим Расул кызы чыгармачылыгын да улам бир жаңылык менен толуктап келет. Ал башка эстрадп ырчыларындай жеке жашоосун жарнама кылып, үй-бүлөсүн коомчулукка алып чыкпай сыр тутуп бир калыпта келе жатканы мактоого арзыйт.




