Коом

Дайырбек Орунбеков Клооптун кызматкерлеринин кармалышы боюнча билдирүү таратты

   

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда «Kлooптун» кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, чет өлкөдө жүргөн журналист-иликтөөчү Болот Темиров жаштарды батыштык өнөктөштөр бөлгөн гранттын эсебинен каржылаган.

«Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү бөлгөн гранттар аркылуу төмөндөгү балдар-кыздарды каржылап, аларга акча төлөп, жалган иликтөөлөрдү жасатып, атайын заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды. Ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Бул жаштар мурда жабылып калган Клооп сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет. Алар — А.Эркебаева (1999-ж.т.), З.Сыдыгалиева (2000-ж.т.), Ж.Дуулатов (2002-ж.т), А.Александров (1997-ж.т) жана З.Болот кызы (1999-ж.т.)», — дейт ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button