Коом
Министрлик: Жалбырак өрттөбөңүз, абаны булгайт!

Экология министрлиги кыргызстандыктарды жаздын келиши менен кургак чөптү, жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат. Ал айлана-чөйрөгө зыян келтирип, өрт коопсуздугун жаратат. Анын ордуна куураган жалбырактарды жер семирткич катары пайдалансаңыз болот.
Эрежени бузган жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.



