Коом

Базар-Коргондо 98 жашка чыккан ардагерге 100 миң сом тапшырылды

Бүгүн Базар-Коргон районунда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунан кабар алынды. Аталган районго караштуу Арстанбап айыл аймагынын тургуну Мурза Далиевге бийлик өкүлдөрү барышты.

Ардагерге президент Садыр Жапаровдунатынан 100 миң сом өлчөмүндө акчалай белек тапшырылды.Мурза Далиев 1925-жылы төрөлгөн. 20 жашында 1945-жылдын январь айында Советтик Армиясына чакырылган. 1945-жылы 9-май Жеңиш күнү Польша жана Германия чек арасында болгон. 1950-жылдын 25-январына чейин Советтик Армиясында кавалерист болуп кызмат өтөгөн, запастагы солдат болуп армиядан кайтып келген. Согуштан кийин Арстанбап-Ата токой чарбасында аарычы болуп эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан.

Жалал-Абад облусунда 9 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button