Коом
Парламент тарады. Шайлоо качан өтөрү айтылды

Бүгүн Жогорку Кеңештин 84 депутаты парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу чечимин колдоду. Өзүн-өзү таркатуу демилгесине буга чейин 32 депутат кол койгон. Ошентип парламент бүгүн өзүн-өзү таратты.
Кийинки шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленди. Президент Садыр Жапаров расмий түрдө шайлоо күнүн бекитиши керек.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул жолку шайлоо “болуп көрбөгөндөй таза” өтөрүн белгиледи.



