2023-жылы ЭКМ өлкөнүн ИДПсын 1 триллион сомго жеткирүүгө ниеттенүүдө
Экономика жана коммерция министри ведомствонун 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жүрүшүндө ЭКМ республиканын экономикасынын өсүшүн 5 пайыздан кем эмес же болбосо ички дүң продукциянын көлөмүн 1 трлн сомго жеткирүү максатын койгонун билдирди.
“Бул багытта реалдуу секторун күчөтүү, өнөр жай, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө шарт түзүү боюнча иш аракеттер аткарылат. Ошону менен бирге импорттук көз карандылыкты азайтуу боюнча иштер жасалмакчы. Жалпы өнүктүрүү фонддорунун каражаттары мобилизацияланып, даректүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат”, — деп тактап кетти Данияр Амангельдиев.

Үстүбүздөгү жылы региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин жакшыртуу, региондорду өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча аракеттер жүргүзүлөт жана административдик-территориялык реформа аткарылат. “Бир айыл – бир продукт” улуттук долбоору жалпы аймактарга жайылтуу максатында “Бир айыл – бир продукт” Концепциясын жана Жол картасын иштеп чыгаруу пландаштырылган.

Өлкөнүн өнөр жай потенциалын жогорулатуу максатында:
100 өнөр жай ишканасын ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары тартылып, комплекстүү иш-чаралар бекитилет. Экс-аймактык зоналарга фискалдык механизмдерден тышкары инфраструктуралык көмөк көрсөтүү боюнча иш аракеттер аткарылат;
орто мөөнөттүү келечекте заманбап стандарттардын талаптарына жооп берген күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү үчүн алдыңкы нефтини кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо;
Кыргыз-Өзбек кызматташтыгынын алкагында жеңил жана коммерциялык автомобилдерди чогултуу өндүрүшүн уюштуруу;
Токмок шаарынын өнөр жай зонасында “Текстиль Транс” пахта тазалоочу заводун ачуу жана өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу менен текстиль фабрикасынын курулушунун 2-этабын аяктоо;
электр кубаттуулугун күчөтүү максатында 20дан ашык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;
өсүү потенциалы жогору болгон Биовит жана Фарманур компанияларынын тегерегинде фармацевтикалык кластерин түзүү;
кайра жаралуучу электр энергиясы боюнча долбоорлорун иштеп чыгуу жана тармактык процедураларды жөнөкөйлөтүү каралган.



