Саясат

Эксперт Григорий Михайлов: Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу абдан маанилүү окуя болду

Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын жетекчиси Садыр Жапаровдун жолугушуусу өз убагында өткөн абдан маанилүү окуя болду.  Бул тууралууRegnum маалыматтыагенттигинин шеф -редактору, Борбор Азия боюнча эксперт Григорий Михайлов өз пикирин билдирди.

Эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу эки тараптуу мамилелердин – экономикалык долбоолорду, коронавирус менен күрөшүүнү, Фергана өрөөнүндөгү чек ара маселелери сыяктуу эң маанилүү маселелерди бет маңдай отуруп талкуулаганга мүмкүнчүлүк берди.

Путин да, Жапаров да талаштуу чек ара маселелерин күч менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүү зарыл деген пикирди тутунушат.

Россиянын жетекчиси «Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн» колдон келген жардамын аябай турганын убада кылды.

Россия менен Кыргызстандын ортосунда жогорку деңгээлде чечүүнү талап кылган маселелер кыйла арбын. Ошондуктан Путин менен Жапаровдун ортосундагы сүйлөшүүлөр энергетика, аскер -өнөржай комплекси, байланыш, логистика, маалыматтык технологиялар жаатындагы долбоорлорго кошумча жаңы импульс берет деген ишеним бар.

Владимир Путин тарабынан экинчи жолу айтылып жаткан коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын чыгарууну Кыргызстандын өзүндө жолго коюу идеясы өзүнчө кызыгуу жаратат. Бул идеяны реализациялоо өлкөдөгү жана аймактагы пандемияга каршы күрөштө гана жардам бербей, кыргыз бюджетине да кыйла каражаттарды үнөмдөп калат,- деди  эксперт Григорий Михайлов.         

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button