Мурдагы мэр Азиз Суракматов кармалып, камакка алынды
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов камакка алынды. Бул тууралуу Спутник-Кыргызстан маалымат агенттиги жазып чыкты.
Алардын айтымында, экс-мэр УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камалган.
Буга чейин Суракматов УКМКнын шаардык башкармалыгына суракка чакырылганы айтылган.
Ал суракка саат 16:00дө кирген. Алдын ала маалыматтар боюнча, мурдагы калаа башчысына «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айып тагылууда.
УКМКнын маалымат кызматы бул боюнча азырынча расмий кабар жок экенин айтып, маалымат келе электигин белгиледи.
Суракматов шаардык мэрияны 2018-жылдан 2020-жылдын октябрь айына чейин башкарган. Экс-мэр башында турган «Кыргызстан элдик демократиялык партиясы» (НДПК) шайлоодо Бишкек шаардык кеңешинин түзүмүнө өткөн. Бирок алар добуш сатып алууга айыпталып, шайлоо жарышынан четтетилген.
Булак: Спутник-Кыргызстан



