Коом

Өлкөдө «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Өлкөдө «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, ага мал доктурлар ишке алынат. Бул тууралуу айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын йтымында, ишканага алгач 1,5 миң жеке ветеринар жумушка алынат. Алар малды эмдөө жана кан алып текшерүү сыяктуу мамлекеттик тапшырмаларды аткарганы үчүн айлык алышат. Ошондой эле малды дарылоого жана операция жасоого кардардан акы алышат.

Аткаминер мал доктурларга 30-40 миң айлык бериле турганын белгиледи. Алардын ишине жараша бонустар дагы каралып, 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн экенин белгиледи.

Ишкананы түзүү боюнча токтом долбоору азыр мамлекеттик органдар менен макулдашылууда. Толук кандуу жаңы жылдан тарта иштей баштайт.

Булак: Спутник кж

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button