Токмокто аялга карата зомбулук жасаган жаран үй камагына чыгарылды

Токмок шаарында күйөөсү тарабынан узак убакыт бою зомбулукка кабылганы айтылган аялга карата үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык прокуратура билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, аял төрт баланы тарбиялап келет. Учурда окуянын жагдайлары жана болжолдуу зомбулуктун канча убакытка созулганы тергөөнүн алкагында аныкталууда.
Токмок шаардык соту шектүүгө карата бөгөт коюу чарасын карап чыгып, аны үй камагына алуу чечимин кабыл алды.
Прокуратуранын маалыматына караганда, тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Токмок шаарынын тургуну күйөөсү тарабынан узак убакыттан бери зомбулукка кабылып келгени тууралуу маалымат тараган. Аял кезектеги жолу сабалгандан кийин бул маалымат коомчулукта кеңири резонанс жараткан.



