Ички аскерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөр күнүн белгилешти

Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанатту иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары-штаб башчысы полковник Дамир Алыбаев, Ички аскерлеринин өздүк курамы, ардагерлери жана өз ара аракеттенүү органдарынын өкүлдөрү катышышты.
Өз сөзүндө полковник Д.Алыбаев Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери 1999-2000-жылдарда Чаткал, Баткен окуясында, ушул жылдын 28-29-апрелиндеги республикабыздын Баткен облусундагы куралдуу тирешүүсүндө өлкөнүн коопсуздугун сактоодо зор салымдарын кошушкан деп белгилеп өттү.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Иски аскерлеринин буйругу менен бир катар аскер кызматкерлер, ардагерлер жана коноктор грамота, төш белги жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чаранын соңунда катышуучуларга майрамдык концерт сунушталды.




