Базарбай Мамбетов Кумтөр боюнча: Канадалык компания жапайы мамиле кылган

Коомдук ишмер жана экс-вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов «Наждак» программасында белгилүү журналист Нарын Айып менен болгон маегинде канадалык компаниянын Кумтөрдөгү кылмыштуу иш-аракеттеринин айрым жактарын ачып берди.
Мамбетовдун айтымында, Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан канадалык компания бош тектерди мөңгүнүн үстүнө төгүп салган, ал эми бул таштандылардын бийиктиги 90 метрге жеткен — табигый жол менен мөңгү ага туруштук бере албай көчкөн. Ал жактан тайгаланып эки адам каза болуп, көптөгөн шаймандар жер көчкүнүн астында калган. Муну жапайычылык деп эсептегенден башка сөз жок.
«Бир дагы мамлекеттик орган компанияны жоопко тарта алган жок, анткени алардын бардыгы — канадалык компания дагы, Кыргызстандын мамлекеттик органдары дагы — бир коррупцияга байланган. “Кумтөр” кыргыз чиновниктерин “тойгузуп” алар кылынып жатканк ылмыштуу иштерге көз жумуп, өз мамлекетинин кызыкчылыгына каршы иш кылышкан. 1992-ж жана 1994-жылдары, биринчи башкы келишим түзүлгөндө, президент Аскар Акаев жана ошол кездеги бийлик Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына чыккынчылык кылган, бирок ошол коррупциялык келишимге ылайык, Кыргызстан 67% киреше алышы керек болчу ”, — деди ал.
Биринчи алтын 1997-жылы алынган жана келишимге ылайык, 10 жылдан кийин, башкача айтканда 2007-жылы, долбоорду башкаруу Кыргызстанга өтүшү керек болчу, бирок 2003-жылдын акыркы күнү Камеконун ордуна, реструктуризацияланган Centerra компаниясы пайда болду, ал акцияны эркин сатууда чыгарган жана Кыргызстандын үлүшү 67ден 33% га чейин төмөндөгөн.
Бул кылмыштуу реструктуризация болгон, деп баса белгиледи Мамбетов.



