Садыр Жапаров Борбор Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүүнү сунуштады

Бул тууралуу өлкө башчысы Түркмөнстандын «Аваза» комплексинде өтүп жаткан аймактын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына айтты.
«Ынтымак ордо» тараткан маалыматта Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарына токтолгону айтылат. Президенттин сунуштарын тезис менен беребиз:
өнөр жай кооперациясына өзгөчө көңүл буруп, өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү жана логистика тармактарында өз ара пайдалуу конкреттүү долбоорлорду аныктоону, анда катышуучуларды, каржылоо булактарын жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүү;
электрондук сооданы өнүктүрүү жаатында бизнес-өкүлдөрүнүн жана керектөөчүлөрдүн аймактык продукцияга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү жана аны илгерилетүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү шарттаган Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүү. Кыргыз тарап бул демилгени ишке ашыруу үчүн Жогорку технологиялар паркынын адистеринин потенциалын пайдаланууга даяр;
экономикалык кызматташтыктын майнаптуулугу аймактын транспорттук байланышынын ишенимдүүлүгүнө, ташуулардын наркына жана транзиттик шарттардын болжолдуулугуна көз каранды экенин баса белгиледи. Президент Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл буруп, ал аймактагы өлкөлөрдүн эл аралык транспорттук жана өндүрүштүк байланыштарга кошулуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты;
мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгү белгиленип, алар аймактагы өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү менен ажырагыс байланышта экени айтылды;
жалпы туристтик мейкиндикти түзүү элдердин жакындашуусу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды.
Сөзүнүн соңунда Жапаров Кыргызстан мындан ары да ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого, аймак элдеринин туруктуу экономикалык өсүшүн жана бакубаттуулугун камсыз кылууга багытталган өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү салым кошууга даяр экендигин кошумчалады.



