Саясат

Президент БА жана Азербайжан башчыларынын саммитинин тосуп алуу аземине катышты

Түркмөнбашы шаарында бүгүн, 8-октябрда Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун тосуп алуу аземи болуп өттү.

Саммитке ошондой эле Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжан президенти Илхам Алиев катышууда.

Тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары жыйындар залына өтүштү.    

Тектеш кабарлар

Back to top button