Саясат

Алибек Мукамбаев: Өнөктөш катары Тажикстанга болгон ишеним төмөндөйт


Эксперт Алибек Мукамбаев бүгүн 4 -июнда кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикирин билдирди.

“Факты турат – май айынын ортосунда дал ушул жерде кыргыз жана тажик чек арачыларынын жолугушуусу болуп, анда бул тактала элек тилкени чогуу көзөмөлгө алуу боюнча келишим бекитилгенине карабай Тажикстан Кыргызстандын аймагына тереңдеп кирип контейнер орнотту жана адам күчүн тарта баштады. Тажик тарап келишим бекитилгенден эки жума өтпөй так ушул участокко кирип жатат.

Экинчиден, мунун чоң чыр-чатактан бир айдан кийин болуп жатканы да таң калдырат. Биз алар менен тынч жарандарга карата оор техниканы колдонуу, мародёрчулук кылуу, адамдарды өлтүрүү жол берилгис экени туурасында келишимге жетишилген. Чек арадагы чыр-чатактан тынч жарандар бөөдө каза таппасын деген биз. Минемёттун огунан, мародёрлордун колунан биздин 30дан ашуун жараныбыз каза болду. Ошондуктан чек арадагы абалды кайрадан курчутуу таң калыштуу жана акыл жеткис иш болууда.

Баарынан таң калыштуусу, Тажикстандын чек арачылары биздин чек ара кызматынын телефон чалууларына жооп бербей жатканында, жооп беришкенде бул окуяны курчутпай эле биргелешип чечүүгө болмок. Бул Тажикстандын чек арачыларынын жаңжалды басууга кызыкдар эмес экенин көрсөтүп турат. Тажик тарапка өнөктөш катары ишеним Кыргызстандын саясий чөйрөлөрүндө да, чек арачыларында да өтө эле жогору болгон эмес. Ал эми мындай окуялардан кийин ишеним кайдан жогоруламак, тескерисинче, ылдыйлайт”, — дейт Алибек Мукамбаев.
Эксперттин пикиринде бул маселени баштапкы стадиясында чечүү үчүн болгон күч-аракетти жумшоо зарыл.

“Бул маселени тезинен чечүү үчүн Тажикстандын саясий жана аскерий жетекчилиги, мүмкүн президенти менен тикеден тике байланышуу керек. Мамлекеттин аймагына кайсы бир аралыкта мыйзамсыз кирип келип, объектилерди орнотуу аракети жоопсуз калбоого тийиш жана бул жаңы чыр-чатакка алып келиши мүмкүн”, — дейт ал.

Эске салсак, 2021 -жылдын 18-майында Ош областынын Чоң-Алай районунун Унжу-Булак деп аталган жеринде Кыргызстандын Ош багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн Тажикстандын Ляхш багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары Унжу-Булактагы мамлекеттик чек ара участогу эл аралык-укуктук жактан такталганга чейин анын аталган тилкесин чогуу көзөмөлдөө чечими кабыл алынган. Биргелешкен көзөмөл жүргүзүү тараптардын макулдашуусу боюнча гана ишке ашырылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button