Коом

52,4 млн АКШ доллары жаратылыштын тобокелдиктерин азайтууга жумшалат

2024-жылдын 2-апрелинде, Дүйнөлүк банк тарабынан жалпы суммасы 52,4 млн АКШ доллар түзгөн «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Макулдашууга КР финансы министри А.Бакетаев, ал эми Дүйнөлүк банкы тарабынан Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова кол коюшту.

Долбоор селдердин жана мөңгүлөрдүн жашоо каражаттарына жана жердин азайышына кыска мөөнөттүү узак мөөнөттүү таасирин азайтуу максатында натыйжалуу жана туруктуу мониторинг жүргүзүүгө багытталат.

Ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча долбоор климаттын өзгөрүшүнүн табигый кырсыктарга тийгизген таасирин азайтууга, селден жана суу ташкындарынан экономикалык жоготууларды кыскартууга жана аялуу жамааттардын туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле 9 500дөн ашык короо-жайлар, 2 754 кожолук, 7 828 га айыл чарба жерлери жана көптөгөн социалдык объекттерди коргоого мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button