Ысык-Көлдө чөгүп бараткан кызын атасы сактап калууга аракет кылган. Экөө тең каза тапты

Кечээ, 10-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булак (Балбай) айылында эки адам көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.
ӨКМдин облустук башкармалыгы тастыктагандай, маалымат нөөмөт бөлүмүнө саат 13:40та түшкөн. Кырсык болгон жерге Каракол шаарынан 4 суучул-куткаруучу жөнөтүлгөн. Бирок алар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 2 адамдын сөөгүн суудан алып чыгышкан.
«Сары-Булак айылында көлгө алгач 2011-жылы туулган А.Х. аттуу өспүрүм кыз чөгүп, аны 1979-жылы туулган М.А аттуу атасы куткаруу аракетин көргөн. Ал арада кыздын жансыз денеси чыгарылып, тилекке каршы атасы өзү да тумчугуп көз жумган. Жергиликтүү эс алуучулар 2 адамдын жансыз денесин тез жардам кызматына өткөрүп беришти», — дешти күбөлөр.
Кийнчерээк Сары-Булак айылында көлгө кызы менен чөгүп кеткен 1979-жылы туулган М.А 4 кыздын атасы экендиги белгилүү болду. Ал такси айдап, үй-бүлөсүн бакчу.
«М.А 9-июнь күнү кыздарын алып көлгө барган. 10-июнь күнү да эл көп каттабаган жерге 2 кызын алып барыптыр. Алар көлгө түшүп жатканда жээкте карап отурган экен.
Көлгө түшүп жаткан 4-класстагы кызы жок болуп кеткендигине байланыштуу аркасынан кийимчен кириптир. Улуу кызы тегеректе кайык менен балык кармап жүргөндөрдөн кыйкырып, жардам сураптыр. Андан соң көлдүн үстүндө калкып бараткан кыздын жансыз денесин балыкчылар жээкке чыгарышыптыр. Ал эми атасын көлдүн түбүнөн таппай калышыптыр.
Көп өтпөй айылдаштар чогулуп, М.А.нын сөөгүн жардын түбүнөн алып чыгарышты. Негизи ал жерге көлгө түшкөнгө болбойт. Балык кармаганы эле катташат. Келинчеги 3 кызы менен калды», — дешти кырсыктын күбөлөрү.
Сууга чөккөн атасы менен кызы бүгүн, 11-июнда жерге берилет.



