Түн ичинде аялдын телефонун уурдап, зордуктаганга шектелгендер кармалды.ФОТО

Баткен шаарынын 33жаштагы тургунун жашаган үйүнө 04-июнь түнү саат 03.00 чамасында белгисиз атуулдар бетине маска кийип кирип аны бычак менен коркутуп, зордуктап, телефонун тартып алып чыгып кеткен.
“Каракчы” жана “Тоноочу” операцияларынын жүрүшүндө Баткен ШИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Кара айылынын 22 жаштагы А.Б. жана 21жаштагы А.А. тургундары Баткен район аймагынан аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо), 201-беренеси (тоноочулук), 190-беренеси (турак жайга кол тийбестикти бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалып, тонолуп алынган кол телефон өз ээсине кайтарылып, тергөө аракеттери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы





