Окуялар

Аксыда мал айдап баратып аты менен сууга аккан баланын сөөгү бир айдан кийин табылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында жайлоого мал айдап бара жатып сууга агып кеткен 11 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, тестиер 24-майдан бери изделип жаткан. Ал Кара-Суу айыл аймагындагы Желе-Терек тилкесинде мал айдап бара жаткан жеринен аты үркүп кетип, сууга кулаган.

22-июнь күнү беш куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам баланы эки топко бөлүнүп издешкен. Биринчи топ саат 20:30да издөө иштерин токтоткон. Ал эми экинчи топ Түрдүк суусунун жээгинен баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкени айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button