Коом

Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал тууралуу өзү ММК булактарына кабарлаган.

Анын айтымында, ПЧР-тесттин жыйынтыгы оң чыккан. Ошондой эле ал үч күндөн бери уу коргошун ичип, ден соолугу жакшырганын, эртең ишке чыга турганын маалымдады.

Кечээ Министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында калкты коронавирус инфекциясына каршы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп бааланган. Министр Алымкадыр Бейшеналиевге жана анын орун басары Жалалидин Рахматуллаевге эскертүүлөр берилген.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button