Коом

Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүү квотасы көбөйтүлдү

Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү. Тиешелүү норма Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечиминин долбооруна киргизилген.

Маалымдалгандай, ЕЭК кеңешинин чечими 17-августтан тарта күчүнө кирет. ЕАЭБге мүчө Армения үчүн да квота 15 миңден 20 миңге чейин көбөйтүлдү.

Учурдагы 15 миң унаага эсептелген квота 2026-жылдын июль айынын башында эле түгөнгөн. Белгиленген чектен ашык импорттолгон электромобилдерге бажы төлөмү унаанын бажылык наркынын 15 пайызын түзөт.

Эскерте кетсек, өткөн жылы да Кыргызстандын сунушу менен электромобилдерди бажы төлөмүсүз импорттоо боюнча квота 10 миңден 15 миңге чейин көбөйтүлгөн болчу.

Тектеш кабарлар

Back to top button