Коом
Чүй облусунда жер титиреди
Чүй облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-июнь күнү саат 13:19да Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чүй облусунун Чүй районунун Чоң-Жар, Карагул айылдарында 3 балл, Кошой, Кегети, Арпа-Тектир айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.



