Тагдыр. Балалыгым өткөн үйдү кайра кайрып ала албадым

Чоңойгондо биз жашаган айылда жумуш жок болуп, үйүбүздү сатып, Бишкекке көчүп келгенбиз. Ал кезде шаарга келсек жашообуз оңолуп, балдарыбыздын келечеги кеңейип, баарыбыз бутубузга туруп кетебиз деп ойлогонбуз. Чынында эле, ошондон бери бир топ жыл өттү. Баарыбыз чоңойдук, ар кимибиз өз ордубузду таап, жашообузду куруп кеттик.
Бирок убакыт өткөн сайын бир нерсени түшүндүм: адамдын жашоосу оңолгону менен, жүрөгүнүн бир бөлүгү дайыма өткөн күндөрдө калып калат экен.
Эми айылга жакшылык-жамандыкта барсак, баш калкалап, бутубузду созуп жата турган өз үйүбүз жок. Бирөөнүн үйүнө конок болуп киребиз. Бизди жакшы тосуп алышат, сыйлашат, бирок канчалык жакшы болсо да, өз үйүңдүн ордун эч нерсе баса албайт экен.
Айылга барган сайын баягы биз жашаган, балалыгым өткөн үйдүн жанынан өтөм. Кээде басып баратып кадамым жайлап, көзүм ошол үйгө кадалат. Дубалдарына, терезелерине, короосуна карап туруп, жүрөгүм бир башкача болуп кетет. Көзүмө жаш тегеренет.
Ошол үйдүн ичинде менин балалыгым калган. Ошол короодо чуркап ойногон күндөрүм, күлкүм, кыялдарым калган. Бир кезде бизди шамалдан, сууктан калкалап, башыбызга башпаанек болгон үй бүгүн башка бирөөнүн үйү.
Эң өкүнүчтүүсү — ал үйдү кайра сатып алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Жаңы алган кожоюну сатпайм деп койду.
Ошондо өзүмө кайра-кайра суроо берем:
«Үйдү сатпай эле койсок эмне болмок? Кандай болсо да сактап койсок болбойт беле? Жылына бир-эки жолу барганда эшигин ачып кирип, өз үйүбүздөй эркин отуруп, ошол эле дубалдарга таянып балалыгыбызды эстеп турсак болбойт беле?»
Балким, ал кезде биз жаш элек. Жашоонун чыныгы баасын билчү эмеспиз. Биз үчүн үй деген төрт дубал, бир короо эле. Аны сатып жатканда атамдын абалын эми эң жакшы түшүнүп жатам. Ошондо атам оор үшкүрүк менен машинага отурганын. Анда биз шаарга көчсөк, жакшы жашоого жетебиз деп ойлогонбуз. Бирок үйдүн баасы акча менен гана өлчөнбөй турганын кийин түшүндүк.
Адам жаш кезде алдыга умтулат. Көбүрөөк акча тапкысы келет, жакшы үйдө жашагысы келет, балдарына жакшы келечек түзгүсү келет. Булардын баары туура. Бирок кээде ошол келечекти куруп жатып, өткөнүбүздү кармап турган тамырыбызды өзүбүз үзүп салат экенбиз.
Балалык өткөн үй жөн гана жашай турган жай эмес экен. Үй — сенин ким экениңди эскертип турган жер. Кайда барсаң да, канча ийгиликке жетсең да, жүрөгүңдү кайра тартып турган ыйык жай экен.
Шаарда жакшы жашап жатабыз. Бирок кээде ошол айылдагы эски үйдүн босогосун бир жолу болсо да аттап, короосуна кирип, эч нерсе болбогондой баягы күндөргө кайткым келет.
Эшигин ачып кирип: «Мен келдим!» — деп айткым келет.
Бирок ал үйдүн эшиги эми биз үчүн ачылбайт. Анткени ал үй эми биздики эмес…
Менимче, эң чоң өкүнүч — кайра кайтарып ала албаган нерсеңдин баркын кеч түшүнүү экен.
Ошондуктан азыр бир гана нерсени айткым келет: эгер силердин айылда ата-энеңерден калган үйүңөр болсо, эгер балалыгыңар өткөн корооңор али сакталып турса, анын баркын билип жүргүлө. Үй эскирип, дубалы урап, чатыры тешилип калышы мүмкүн. Аны оңдосо болот. Бирок сатып жиберсеңер, анын ордун толтуруу кыйын.
Анткени бир күнү силер да айылга кайтып барып, баягы үйүңөрдүн жанынан өтүп баратып, жүрөгүңөр сыздап, өзүңөргө ушул суроону беришиңер мүмкүн:
«Эх, ошол үйдү сатпай эле койсок эмне болмок?..»
Ошондо түшүнөсүңөр: биз кээде жакшы жашоо издеп жүрүп, жүрөгүбүз тынчтык тапкан жерди колдон чыгарып жиберет экенбиз.


