Коом

“Тазалыктын” директору Рамиз Алиев Сокулук районун жетекчилерине кайрылуу жолдоду (видео)

Себеби, Бишкек шаарына сырттан кирген адамдар ар кандай таштандыларды алып келип таштап кетишүүдө. Бул Тазалык муниципалдык ишканасына ашыкча түйшүк жаратып, кошумча чыгымдарга алып келүүдө.

Ушундан улам Сокулук районуна караштуу айылдардан келген жолдун жээгиндеги урналарга атайын байкоо жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Орок, Жал, Кашка Суу, Селекция, Күнтуу, Достук, Ак Ордо сыяктуу айылдардын тургундары таштанды алып келип таштап жатканы аныкталган.

Бул жогоруда аталган айылдарда тазалык, таштанды чыгаруу иштери жергиликтүү бийлик тарабынан жөнгө салынбаганын билдирет. Ошондуктан Бишкек щаарынын Тазалык муниципалдык ишканасы бул көйгөйлүү маселени чечүүгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button