Окуялар

Бишкектеги «Сария» кафесине айып салынды. Себеби

Бишкек шаарындагы «Сария» кафеси экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактабагандыгы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Бишкек жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү тургундардын даттанууларынын негизинде жүргүзүлгөн. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин тиешелүү беренесине ылайык, белгиленген тартипти бузуу менен зыяндуу заттарды абага чыгаргандыгы үчүн 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Мындан тышкары, мекеменин жетекчилигине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү жана мындан ары экологиялык талаптарды так сактоо милдеттендирилген.

Кафенин жетекчилигине мыйзам бузууларды жоюу боюнча расмий көрсөтмө берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button