Коом

ВИДЕО: «Жакындарыбыздын коопсуздугу — биздин колубузда!»

Алкоголдук ичимдиктерди ичип алып мас абалда унаа башкарган айдоочулардын күнөөсүнөн жыл сайын ондогон адамдар көз жумушат. «Жакындарыбыздын коопсуздугу- биздин колубузда!» аталышында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы тарабынан тартылган видео тасма жакында борбор шаардын кинотеатрларында көрсөтүлөт.

Кыска тасманын авторлору айдоочулардын жөнөкөй эрежелерине көңүл буруп: алкоголдук ичимдиктерди ичип алып унаа башкарбагыла. Андай иштерди байкагандар кайдыгер карабагыла. Ар бирибизди  үйдө жакындарыбыз күтүп жатат. Ар бир жараандын коопсуздугу, өз колубузда экенин эскертишүүдө. Бирок, негизги идеяны көрсөтүү үчүн, жаратуучуларга катуу катаал визуалдык каражаттарды тандады. Адамдардын көңүлүн жөнөкөй эрежелерди жана жолдо коопсуздукту сактоого зарыл болгон жөнөкөй эрежелерди жана айдоо маданиятына көңүл буруу максатын көздөйт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, дүйнө жүзү боюнча жол кырсыктарынан жылыга миллиондогон адамдар көз жумат. Кыргыз Республикасында жылыга 10 миңге жакын адам жол кырсыктарынын курмандыгы болуп келет.

КР ИИМдин ЖКККББы басма-сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button