Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев жана Курал Чокоев. 13 өнөр адамы Эмгек сиңирген артист наамын алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 174 кишиге наам ыйгарып, Ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эң көп сыйлык саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнө берилди. Жалпысынан 54 медицина кызматкери сыйланып, алардын 47си наамдарга татыды.
Эмгек сиңирген артист наамы менен сыйланган 13 өнөр адамынын катарында ырчылар Кылыч Бекишев, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев жана Курал Чокоев бар.
Ошондой эле билим берүү, экономика, каржы, айыл чарба, энергетика, геология, өнөр жай, санариптик технологиялар жана мамлекеттик башкаруу тармактарынын өкүлдөрү да сыйланышты.
Касымалиев сыйлык ээлерин куттуктап, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.
«Кыргызстанды ким куруп жатат? Бул суроого жоопту биз бүгүн ушул залдан көрүп турабыз. Биздин өлкөнү өзүнүн жан аябас эмгеги менен эл, анын ичинде сиздер куруп жатасыздар», — деди ал.
Сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон, кесиптик ишинде жетишкендиктерге жеткен жарандарга жана Эгемендүүлүк күнүнө карата берилгени кошумчаланды.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин 23 ардак наамы бар.



