Коом
Нарында топурактын агрохимиялык абалын аныктоочу лаборатория ишке кирди

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Лабораторияда фермерлердин жер тилкелериндеги топурактын курамын жана агрохимиялык көрсөткүчтөрүн изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан тышкары, облуска топуракты жеринде изилдөө үчүн көчмө лабораториялык топтом биринчи жолу алып келинди.
«Жаңы жабдуу алынган маалыматтын негизинде жер семирткичтерди туура колдонууга жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө агротехникалык чечимдерди туура кабыл алууга шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Лаборатория Нарын шаарынын Мусулманкулов көчөсү, 12Б дарегинде жайгашкан.



