Коом

Бюджет 5 млрд сомдон ашык профицит. Соцфонддун 2027-жылга бюджети ЖК кароосуна киргизилди

Кыргызстандын Социалдык фондунун 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга карата бюджетинин долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.

Мыйзам долбооруна ылайык, 2027-жылы Соцфонддун кирешеси 168 млрд 388,4 млн сом, чыгашасы 163 млрд 355,6 млн сом өлчөмүндө пландалууда. Ошентип, бюджетти 5 млрд сомдон ашык профицит менен бекитүү сунушталууда.

2026-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 2027-жылы кирешелер болжол менен 11,8 млрд сомго көбөйөт. 2028-жылы киреше 175,7 млрд сом, 2029-жылы 182,6 млрд сом болот деп болжолдонууда.

Кирешенин негизги бөлүгүн камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт. 2027-жылы алардан 115,2 млрд сом түшөрү күтүлүүдө. Бул 2026-жылдын такталган көрсөткүчүнөн 10,9 млрд сомго көп. Анын ичинен дээрлик 111,9 млрд сом юридикалык жактардан, 3,2 млрд сомго жакыны жеке ишкерлерден түшөт.

Республикалык бюджеттен Соцфондго дагы 48,8 млрд сом бөлүнөт. Бул каражаттар базалык пенсияларды, аскер кызматкерлерине жана пенсионерлердин айрым категорияларына төлөмдөрдү, ошондой эле үстөк акыларды каржылоого багытталат.

2027-жылы пенсия жана жөлөкпулдарга 140,4 млрд сом каралган. Бул 2026-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу дээрлик 18,5 млрд сомго көп. Пенсиялык фонддун жалпы чыгашасы 144,2 млрд сомду түзөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 8,4 млрд сомго жакын, ал эми Эмгекчилерди ден соолугун чыңдоо фондуна дээрлик 1,3 млрд сом багыттоо сунушталууда.

Мындан тышкары, Мамлекеттик топтолмо пенсия фондунун бюджети өзүнчө каралган. Ага камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 9,48 млрд сом, инвестициядан түшкөн кирешеден 9,33 млрд сом түшөрү болжолдонууда. Пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөөгө 5 млрд сом багыттоо сунушталууда. 2026-жылдын такталган бюджетинде бул көрсөткүч 3 млрд сом болгон.

Долбоор буга чейин коомдук талкуудан өткөн. Ал 2026-жылдын 17-августунда Бирдиктүү порталга жайгаштырылган. Негиздеме-маалыматка ылайык, долбоор боюнча сунуш-пикирлер түшкөн эмес.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button