Саясат
Токмокто кайсы партиялар жеңишке жетти. ТИЗМЕ
Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо беш партия өттү. Бул тууралуу Автоматтык эсептөөчү урнанын берген маалыматында көрсөтүлгөн.
Учурда добуштар АСУ аркылуу 100 пайыз эсептелип бүттү. Ага ылайык, шайлоого катышкан алты партиянын бешөө жеңишке жетти.
Токмок шаарындагы алдын ала жыйынтык:
- «Бирге — Вместе» — 28.27 пайыз;
- «Эмгек» партиясы — 24.82;
- «Асыл мурас — жаштар» — 16.66;
- «Патриот ынтымагы» — 13.69;
- «Эл биримдиги» — 12.13;
- Баарына каршы — 1.73.
Белгилей кетсек, бул расмий жыйынтык эмес, кол менен эсептөөнүн натыйжасында БШК тарабынан акыркы чечим кабыл алынат. Токмок шаардык кеңешинде өткөн партияларга 28 мандат бөлүштүрүлөт.



