Окуялар

ӨКМ: Аксыдагы сел 3 жана 5 жаштагы балдарды агызып кеткен. ФОТО

Жалал-Абаддын Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 12-июль күнү саат 18:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен эки турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү  агызып кеткен.

ӨКМден билдиришкендей, сел суулары Таштак айылындагы 5 жаштагы К.А. аттуу баланы жана 3 жаштагы Т.Ф. аттуу кызды агызып кеткен.

“Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адамдын сөөгү табылган. Жогоруда аталган кыз менен бала дайынсыз болууда. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26 куткаруучу, 7 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button