Окуялар

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги көпүрөдө эки жол кырсыгы катталды: Мэрия айдоочуларга эскертүү жасады

Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан көпүрөдө эки жол кырсыгы катталып, алардын натыйжасында көпүрөнүн бир бөлүгү жабыркады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.


​Учурда кырсык болгон жерде шаардык кызматтар иш алып барып, жол кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатышат.
​Бул окуяга байланыштуу Бишкек мэриясы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, аба ырайынын шарттарын эске алууга, ылдамдык режимин каттуу көзөмөлдөп, жолдо өзгөчө этият болууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button