Коом

Медициналык академияга Адинай Мырзабекованын эстелиги орнотулду .ФОТО

Кыргызстандын медициналык академиясынын жаңы жыйындар залында Адинай Мырзабекованын жаркын элесине арналып эстелик орнотулду.

Медакадемиядан билдиришкендей, ачылыш аземине академиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, кызматкерлери жана Адинайдын туугандары жана курсташтары катышты.

Колодон жасалган бюсту Адинайдын 2021-жылкы бүтүрүүчү курсташтары орнотту.

Адинай Мырзабекова өткөн жылы 13-июлда коронавирус күч алып турган учурда каза болгон. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп, пандемия учурунда Бишкектеги стационарлардын биринде медайым болуп иштеген. Анын өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония, ага каза болгондон кийин «Эрдик» медалы берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button