Коом

Коронавирус. Адистер “Дельта” штаммын дарылоо кыйын экенин айтышууда

«Дельта» штаммы чакырган коронавирус эмнеси менен айырмаланып, дарылоого кандай таасир этерин Sputnik радиосуна Фундаменталдык жана трансляциялык медицина боюнча Федералдык изилдөө борборунун өтө кооптуу инфекциялар лабораториясынын башчысы Александр Чепурнов айтып берди.

Алгач Индияда аныкталган коронавирустун «дельта» штаммы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Россияга тарады.

Адистин айтымында, анын негизги өзгөчөлүгү — оорунун козгогучунун мурдагы түрлөрүнө караганда инкубациялык мезгилинин кыскалыгында. Мындан тышкары, ал бейтаптарда ашказан, ичеги-карындын иштешинин бузулушу сыяктуу белгилерди пайда кылат.

Чепурнов белгилегендей, «дельта» штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

«Дельта» штаммын дарылоо кыйыныраак, анткени «Ухань» варианты көп изилденип, ал үчүн далай нерсе иштелип чыккан. Бул жерде гастроэнтерологиялык компонент жана оорунун өнүгүү темпи өзгөчөлөнүп жатат», — деген вирусолог.

Адис ак халатчандар азыр дарылоо протоколуна өзгөртүү киргизүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалаган. Ошондой эле ПЦР-тесттер да штаммдарды көрсөтпөй турганын, бул үчүн өзүнчө изилдөө жүргүзүлүп жатканын айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button