Акылбек Жапаров: «Кыргызстан экономикада «илбирстин секиригине» даярданууда»

Бишкек — Кыргызстанда экономикалык өсүш темпи сакталып, алгачкы тогуз айда реалдуу өсүш 10,8 пайызды түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин мурдагы жетекчилигинин билдирүүсүндө айтылат.
Экс-аткаминер экономикалык саясат жетекчилердин алмашуусуна көз каранды болбошу керектигин баса белгилеп, мурда түптөлгөн механизмдер өз натыйжасын берип жатканын билдирди. Анын айтымында, өсүштү бир гана өкмөттүн чечимдерине байлоого болбойт — ага тышкы рыноктогу кырдаал, аймактык соода жана финансылык агымдар да олуттуу таасир этти.
»3 + 3 = 33″ формуласы эмнени түшүндүрөт?
Коомчулукта кызуу талкуу жараткан «3 + 3 = 33» китебинин аталышы тууралуу да түшүндүрмө берилди. Автордун айтымында, бул үч жыл үч айда бардык көйгөйлөр чечилди дегенди билдирбейт.
»Негизги маңызы башкада. Салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде мамлекеттин өздүк мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө, экономиканы башкаруу ыкмасын өзгөртүүгө жана жөн гана жүгүртүүнү көбөйтүүдөн өлкө ичинде көбүрөөк кошумча нарк түзүүгө өтүүгө шарт түзүлдү,» — деп белгиленет маалыматта.
Экономикалык көрсөткүчтөрдү ким баалайт?
Макаланын авторлору экономиканы министрлер же статистикалык таблицалар эмес, жөнөкөй үй-бүлөлөр баалай турганын эскертет. Калк үчүн башкы көрсөткүчтөр — киреше, жумуш орду, турак жай, билим берүү, сапаттуу медицина жана эртеңки күнгө болгон ишеним экени баса белгиленди.
Ошондой эле бюджеттик, салыктык жана инвестициялык саясатты бирдиктүү натыйжага багыттоо миңдеген адистердин — финансисттердин, салыкчылардын, бажычылардын, энергетиктердин жана ишкерлердин эмгегинин аркасында мүмкүн болгону айтылды. Реформалар жолунда айрым каталар кетирилип, тоскоолдуктар болгонуна карабай, жалпы стратегиялык багыт өзгөрүүсүз сакталган.
Алдыда эмне күтүп турат?
Бүгүнкү күндө Кыргызстан түп-тамырынан бери өзгөрүүлөргө жол ача турган «илбирстин секиригине» камылга көрүп жатат. Ал эми 2030–2050-жылдар аралыгы өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаңы деңгээлге — чыныгы «прайм-эрага» чыгуусу үчүн терең реформалардын доору болушу керек.


