Пайдалуу кеңештер
Чач суукта тоңуп сынбашы үчүн жана кургап калбашы үчүн жөнөкөй гана 4 эреже:

1. Толук кургатып анан чыгыңыз: Суу же ным чач менен көчөгө чыксаңыз, суук тийгенде чачтын ичиндеги ным тоңуп, чач сиңирдей болуп сынып түшө баштайт.
2. Баш кийимди сөзсүз кийиңиз: Суукта баштагы кан тамырлар тарышып, чачтын түбүнө азык барбай калат. Жыйынтыгында чач суюлуп, көп түшөт. Баш кийимди кысып турбагандай кененирээгинен тандаңыз.
3. Нымдандырууну унутпаңыз: Батареялар абаны кургатып жибергендиктен, чач да кургап баштайт. Бальзам-кондиционерди сөзсүз колдонуп, чачтын учуна атайын майлардан (кокос же даяр чач майын) сүйкөп туруңуз.
4. Чач тик туруп (электрленип) жатса: Пластмасса тарактар чачты ого бетер тик кылат. Анын ордуна жыгач тарак колдонуңуз же таракка бир аз гана май сүйкөп алып тараңыз.



